Медер Алиев: Саясатта териң калың болушу керек экен

Медер Алиев: Саясатта териң калың болушу керек экен

Өзү саясатка аттангандан кийин каалайсыңбы, каалабайсыңбы териң калың болушу керек экен. Мындай пикирин тармактык комитеттеги жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев билдирди.

“Менин да фейктер туурасында оюм бар… Өзү саясатка аттангандан кийин каалайсыңбы, каалабайсыңбы териң калың болушу керек экен. Мен өткөндө Авраам Линкольндин өмүр баянын окуп чыктым. Ошондо анын “кандай гана мазактап, кандай гана жамандаган экен аны. Эгерде, ушул киши бийликке келсе, кыздарыбыз сойку болот, АКШ жок болот. Бул жеткен шүмшүк. Эмне деп айткан эмес экен. Абсаоюттук түрдө мындан кутула албайт окшойбуз. Айрыкча маалыматтык технология өнүгүп турган 21-кылымда… Болгону кылган ишибиз, ниетибиз түз болсо, колубуз таза болсо, чын ниетибиз менен мамлекетибизге кызмат кылсак, тарых өз баасын берет… Ушактан, туура эмес маалыматтан арылуу абсалюттук түрдө тилекке каршы мүмкүн эмес окшойт” – деди.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинде жашыруун кызматтын иши боюнча мыйзам долбоору талкууланып жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>