Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын өлкөлөр аралык комиссия иликтейт

Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын өлкөлөр аралык комиссия иликтейт

Борбор Азия энергетикалык айлампасындагы аварияны өлкөлөр аралык комиссия иликтейт. Бул тууралуу 25-январдагы маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, үч өлкөнүн өтүнүчү боюнча (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан — ред.) комиссия түзүлүп, иш жүрөт.

Брифинг учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергосистемадагы кырсык Кыргызстандын аймагында болбогонун айтты.

«Үч-төрт жыл мурдагы кырсыктан кийин биздин энергетиктер даяр экенин көрсөттү. Эки саат ичинде 50 пайызга чейин электр энергиясы менен камсыз болду. Кайсы бир айылдарда жарык жок болсо, сабыр кылып туруңуздар. Энергетиктер кошуп берет. Азыр Энергетика министрлигинин деңгээлинде кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Тактап туруп бири-бирибиз менен сүйлөшөбүз», — деди Жапаров.

Өкмөт башчы ушу тапта үч өлкө тең бирдиктүү шакекчеден чыгып, ички мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында түшкү саат 12де электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн билдирди.

Казакстан менен Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти.

Министрдин айтымында, саат 16:00гө барып жарык берүү 60% калыбына келген, калган бөлүгүнө этап-этап менен бериле баштайт.

Бишкек жылуулук борборунда да иш үзгүлтүккө учурап, калыбына келтирүү иши жүрүп жатканы айтылды. Жылуулук басымы 25-январда кечке чейин калыбына келет деди министр.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Анда Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калып, Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>