Кыргызстанда жеке медициналык ЖОЖдор билим берүү франшизасына өткөрүлүшү мүмкүнКыргызстандык окуучу Балкан олимпиадасында коло медаль утуп алдыКара-Сууда заводдон чыккан чаң айылды каптап жатат. Тургундар маселени чечип берүүнү суранышууда«Бишкек Арена» 5-октябрда ачылат: концертке кирүү акысыз билеттер менен болотОрусияда алдын ала маалымат боюнча беш партия Мамлекеттик думага өтүүдө — РФ БШКсынын башчысыАзия оюндары: ММА боюнча эки кыргызстандык спортчу коло медаль утуп, бирөө финалга чыкты
Электрондук капчык аркылуу добуш сатып алышы мүмкүн
13.10.2021 | 10:36
Шайлоодо добуш сатып алуунун жаңы түрү пайда болушу мүмкүн. Айрым партиялар, талапкерлер электрондук капчык аркылуу акча таратабыз деп жатышат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламентте билдирди.
Анын айтымында, добуш сатып алууларга баардык күч каршы турушу керек. Балким, электрондук капчык менен добуш сатып алуу аймактарда болбошу мүмкүн. Бирок, Ош, Бишкек шаарларында сөзсүз болот. Ошол себептен бул ишке тыюу салынышы керек. Маселен, шайлоо маалында бир электрондук капчыктан 2000 сомдон жогору, бештен көп жолу акча которууга тыюу салынышы керек.
Айрыкча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул ыкмага жакшыраак көңүл бөлүшүңүздөр керек деп кайрылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат