Рубионун Самарканддагы сапары: $12 миллиарддык бүтүмдөр жана АКШнын Борбор Азиядагы жаңы пландарыСадыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкууладыКыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөтПрезидент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алды
Электрондук патентти MegaPay аркылуу үйдө отуруп эле тууралап жана төлөм аткар
26.08.2021 | 16:06
Достор! Эми үйдөн чыкпай туруп эле электрондук патентти тууралап жана ал үчүн төлөм аткарууну MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режимде ишке ашырса болот.
Салык төлөөчүлөргө мындан ары салык кызматтарына улам каттай берүүнүн зарылчылыгы жок. Документтин баасын эсептөө, аны тууралоо жана каражат төлөө каалаган учурда смартфон аркылуу саналуу мүнөттөрдө жүргүзүлөт.
Электрондук патенттин баасын эсептөө, каражат төлөө жана документти алуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу жетиштүү:
- MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылоо (Google Play жана App Store’дон жүктөп алууга жеткиликтүү);
- эң жөнөкөй онлайн идентификациядан өтүү;
- башкы менюдан “Сервистер” баракчасын ачып, “Электрондук патент” бөлүмүнө өтүү;
- бөлүмдөн салык төлөөчү тууралуу маалыматты экономикалык ишмердүүлүк катары киргизип, документтин жарактуулук мөөнөтүн жазасыз;
- патентти тууралоо аяктаганын тастыктайсыз;
- реквизиттер жана төлөмдүн суммасы сервис тарабынан автоматтык түрдө эсептелет, болгону транзакцияны тастыктоо гана жетиштүү.
Даяр!
Үнөмдөгөн убактыңызды бизнесиңизге жумшаңыз. MegaPay түзгөн заманбап санарип мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, кызматтар үчүн телефондун балансынан төлөңүз!
Рубрики: Жаңылыктар, Коом