Электрондук тамекиге айып. Депутаттар мыйзам долбооруна каршы чыкканын айтышты

Электрондук тамекиге айып. Депутаттар мыйзам долбооруна каршы чыкканын айтышты

Жогорку Кеңештин депутаттары — Элвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешев «Жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы чыкканын айтып чыгышты. Бул тууралуу алар өспүрүмдүн окуясынан кийин социалдык тармактагы баракчаларына жазышты.

Дастан Бекешев, сунушту кароо учурунда демилге коррупцияны күчөтүүгө алып келерин белгилегинин эскертти.

«Милиция жыргайт. Алар эми өспүрүмдөрдү электрондук сигарет менен кармап, 10 миң сомдун ордуна 5 миң сом сурайт. Бул мыйзам долбоор менен элди жүдөтөбүз», — деп айткан Дастан Бекешев.

Элвира Сурабалдиева вейптерди көбүнчө өспүрүмдөр колдонорун айтып, айып пул үй-бүлөдө чыр-чатактарга себеп болорун айткан.

«13-15 жаштагы балдардын көпчүлүгү колдонот. Үй-бүлөлүк кирешеси 50 миң сом болсо, анан 20 миң сом айып пул чыкса, анда кандай болот? Азыркы балдар башкача, барып асынып алса, жоопкерчилик кимдин мойнуна жүктөлөт? Үй-бүлөлүк зомбулук күчөп жатканда бул сунуш дагы балдар менен ата-эненин ортосунда чатакка алып келет. Айып пулдун суммасын азайтайлы. Бул жактан тыюу салып, Бишкек Экономикалык эркин зонасында электрондук сигарет чыгарууга уруксат берип жатабыз», — деп билдирген депутат.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун 26-июнда кабыл алган. Президент ага кол койгонун Reporter.kg’ге өлкө башчысынын маалымат кызматы ырастады.

Бирок долбоордун автору Шайырбек Ташиев мыйзамга кол коюлгандан кийин анын толук ишке киришине 3 айдан 1 жылга чейин убакыт берелерин айткан.

Белгилей кетсек, Бишкекте милиция электрондук тамеки чеккен өспүрүмдү коркутуп, андан акча талап кылган. Укук коргоо кызматкерине акчаны берип жатып, бала эс-учун жоготкон. Ал геморрагиялык инсульт алып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Электрондук тамеки чеккендерге 10 миң сом айып салуу мыйзамы кабыл алынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>