Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Милициянын опузасынан улам инсультка кабылган баланын абалы айтылды
09.07.2024 | 13:58
Ички иштер министрлигинин күзөт кызматкеринин опузасынан улам инсультка кабылган өспүрүм учурда жеке менчик клиникада дарыланууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Бала 5-июлда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Анын абалы туруктуу оор болгон. 7-июль күнү ата-энеси менчик клиникага которушкан.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура милиция кызматкерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коркунучта калтыруу айыбы менен иш козгоду. Ал электрондук тамеки чегип отурган С.Ю. аттуу өспүрүмдү административдик жоопкерчилик тартыларын айтып коркутуп, андан акча талап кылган.
https://reporter.kg/milicziya-akcha-talap-kylgan-ospyrym-zhandandyruu-bolymyno-tyshty/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом