«Түрмөдөн качып чыгам». Асел Ногойбаевага жөнөтүлгөн кат боюнча текшерүү жүрүп жатат

«Түрмөдөн качып чыгам». Асел Ногойбаевага жөнөтүлгөн кат боюнча текшерүү жүрүп жатат

Жазаларды аткаруу кызматы Асел Ногойбоевага келген кат боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге мекемеден билдирди.

Алардын маалыматында, кызматтык териштирүү башталды. Анын жүрүшүндө топтолгон материалдар прокуратурага жөнөтүлөт.

«Адам өлтүрүүгө аракет кылуу», «зордуктоого аракет кылуу» жана «ден соолукка оор залал келтирүү» беренелери боюнча соттолгон Азамат Эстебесов Новопокровка айылындагы №3 түрмөдө жазасын өтөп жатат.

Бүгүн Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсү телефонуна коркуткан билдирүүлөрдү жөнөткөнүн айтты. Анын жактоочусу Индира Саутова прокуратурага кайрылып, абакта телефон колдонгон Азамат Эстебесовго чара көрүүнү талап кылды.

“Азамат Эстебесов Асел Ногойбаевага Instagram’дан, WhatsApp’тан кат жазып, абакта телефонду ачык эле колдонуп жатат. Биз бул каттарды коркутуу деп эсептейбиз», — дейт жактоочу.

Асел Ногойбаевага мурдагы күйөөсү түрмөдөн коркутуп жазууда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>