“Элге мактанба”. Өзбекстандын муфтийи ажы той өткөрбөөгө чакырды

18.06.2024 | 17:55

Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Халикназаров Меккеде зыяратта жүргөн жарандарды мекенине баргандан кийин ажы той өткөрбөөгө чакырды.

Ал ысырапкорчулукка жол бербей, элге мактанып, ашыкча шаан-шөкөт уюштуруу диндин талаптарына каршы келерин айтат.

“Сиз бул жерде ибадат кылып жатасыз. Азыр балаңызга чалып, “сен мени шаан-шөкөт менен, көчөгө килем салып тосуп алсаң ыраазы болбоймун”, – деп айттың. Ажылыкты биз эл көрсүн деп эмес, Аллаанын ыраазылыгы үчүн аткарабыз. Эгер айылга барган андай ысырапкорчулук кыла турган болсок, анда биз Арафатта берген убадалабыздан не пайда?”, – деди Нуриддин Халикназаров.

Ал той өткөргөндүн ордуна муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан 6 миң 60 адам Меккеге зыяратка кетишкен. Ажылык баасы — 3 миң 750 доллар.

 

Scroll to Top