Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу жаңы чуркоо тилкесине зыян келтирилди

05.10.2026 | 12:44
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу жаңы чуркоо тилкесине зыян келтирилди — Новости Кыргызстана

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңы чуркоо тилкеси бүлүнгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу Дарья Маслова социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, ал бул бузулган жерди жаш спортчулардын машыгуусун көргөнү келгенде байкап калган.

«Стадион жаңы эле жасалды. Мына муну карагылачы, бул эмне деген нерсе? Жаңы стадион, жабдуулар, футбол өтүп жатат. Бул жерде жеңил атлетчилерге газонго баспагыла дешет, алар чындап эле басышпайт», — деди Маслова.

Ал ошондой эле 9-октябрда стадиондо мелдештер өтүшү керектигин белгиледи. Ал эми тешилген жер спортчулар чуркоо учурунда колдонуучу экинчи тилкеде жайгашкан.

«Мисалы, адам чуркап баштаганда мына бул чуңкурга мүдүрүлсө — бүттү, ал кулайт. Анын үстүнө бул жаңы стадион. Буга ким жооп берет?» — деп нааразы болду машыктыруучу.

Маслова чуркоо тилкеси футбол беттештерин өткөрүү үчүн талаага коюлган жабдуулардан улам бузулушу мүмкүн деп божомолдоду.

«Жаңы стадион курушту, канча жыл — 70 жыл кыялданышты. Анан мындай мамиле жасашты», — деп кошумчалады ал.

Scroll to Top