Кыргызстандыктар Орусиянын президентинен грант ала алышат«Ала-Арча» жаратылыш паркында от жаккан жарандарга айып пул салындыСанкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдүТурак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалдыДөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу жаңы чуркоо тилкесине зыян келтирилдиКыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин карашууда
Турак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалды
05.10.2026 | 12:48

Шопоков шаарында 29 жаштагы эркек киши турак үйдөн 188 миң сом уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрда саат 06:30 чамасында шектүү аталган шаардагы турак жайга кирип, 188 миң сом өлчөмүндөгү акчаны уурдап кеткен. Шектүү уурдоо учурунда видеокөзөмөл камерасына түшүп калган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургуну Ж.Т. аныкталып, кармалды.
Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен шектүүгө карата камакта кармоо бөгөт чарасы тандалды. Учурда тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: уурдоо