“Эми бийлик алмашуу болбойт”: Министр активистке кызмат сунуштады

“Эми бийлик алмашуу болбойт”: Министр активистке кызмат сунуштады

Мындан кийин бийлик алмашуулар болбойт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 18-июлдагы маалымат жыйында активист Атай Бейшенбектин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Активист 2005-2010-2020-жылдары бийлик алмашканын айтып, ички иштер министринен: “Эмне себептен бийлик алмашып жатканын изилдеп көрдүңөрбү? Министр болгонуңузга эки жылдан ашты. Кандай жетишкендиктер жана кемчиликтерди айта аласыз?” деп сурады.

Улан Ниязбеков активистке ИИМге кызматка келүүнү сунуштады.

“Мен сизди мамлекет үчүн кызмат кылууга чакырат элем. Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн чогуу иштебейлиби? Качанкыга чейин эле бири-бирибизди сындап жүрө беришибиз керек? 2005-жылы революция элди митингге чогулткан адамдардын күнөөсүнөн улам болду. Мындан кийин бийлик алмашуулар болбойт деп кескин айта алам. Мамлекеттин туруктуулугу үчүн милиция дайыма иштейт жана кылмыштуулукка каршы күрөшөт. Чагымчыл аракеттерге жеткирбегенге аракет кылабыз”, — деди ал.

Ошондой эле, министр ИИМдин структурасында көп өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын айтып, “санарип багытында иштер аткарылып жатат. Элге сервистик тейлөө иштери жакшырууда, ар бир милиция кызматкери үчүн планшеттерди алып берип жатабыз. Жол коопсуздук кызматкерлерине унаалар алынып берилүүдө”, — деп кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>