Акыйкатчы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган авариялык үйдү оңдоого чакырды

09.07.2026 | 12:35
Акыйкатчы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган авариялык үйдү оңдоого чакырды — Новости Кыргызстана

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлигин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын камсыз кылууга, инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө жана Каракол шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган авариялык турак үйгө капиталдык оңдоо жүргүзүүгө чакырды.

Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Каракол шаарындагы Азиздер жана дүлөйлөр коомунун окуу-өндүрүштүк кыргыз ишканасында мониторинг жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын кызматкерлери 1979-жылы курулган тогуз батирлүү үйдөгү жашоо шарттарына даттанышкан. Алардын айтымында, жыл сайын Каракол мэриясына үйдү оңдоп берүү өтүнүчү менен кайрылышат, бирок маселе ушул күнгө чейин чечиле элек. Каражаттын жоктугунан үйдү өз алдынча оңдоого же башка жакка көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок.

Акыйкатчы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган авариялык үйдү оңдоого чакырды — иллюстрация

Мониторингдин жыйынтыгында үйдүн чатыры авариялык абалда экени аныкталган. Жаан жааганда чатырдан суу өтүп, батирлерде туруктуу нымдуулуктун айынан көгөргөн көк пайда болгон.

Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар шаардык инфраструктуранын жана коомдук транспорттун жеткиликсиздигине да даттанышкан. Алардын айтымында, Каракол шаарында үн чыгаруучу жол чырактар жана айдоочуларга жөө адамдар өтүүчү тилкеден көзү азиз адамдар өтөрүн эскерткен жол белгилери жок.

Ошондой эле алар такси кызматын пайдаланууда да кыйынчылыктар бар экенин айтышкан. Алардын айтымында, айрым айдоочулар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташуудан баш тартышат, макул болгондорунун көбү болсо унаага түшүп-чыгууга жардам беришпейт.

Угуусу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ички иштер органдарында, соттордо жана медициналык мекемелерде жаңдоо тили боюнча котормочулардын жоктугуна даттанышкан. Бул алардын сот адилеттигине, медициналык жардамга жана башка мамлекеттик кызматтарга толук жетүүсүнө тоскоолдук жаратарын белгилешкен.

Учурда Каракол шаарындагы Азиздер жана дүлөйлөр коомунун окуу-өндүрүштүк ишканасында 48 адам эмгектенет. Алардын 31и — мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Алардын жетөө көрүүсү боюнча, 24ү угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар.

Мониторингдин жыйынтыгында Акыйкатчы институту Ысык-Көл облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүү сунушу менен кайрылды.

Scroll to Top