Курулуш министрлиги Бишкектеги 18 курулуштун ишин токтотту

Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги курулуш аянтчаларын уюштуруу жана көрктөндүрүү талаптарынын бузулушу аныкталгандан кийин Бишкектеги 18 объектиде курулуш-монтаждоо иштерин убактылуу токтотту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул объектилерде жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон тосмолор жана коргоочу чатырчалар, сырткы жарыктандыруу, даярдалган кире бериш жолдору, ошондой эле курулуш техникаларынын жана автотранспорттордун дөңгөлөктөрүн жуучу жайлар болгон эмес.
Мыйзам бузуулар Бишкектин ар кайсы райондорунда жайгашкан 18 курулуш объектисинде катталган. Алардын арасында турак жайлар, мейманканалар, кеңсе имараттары, ресторан жана банкеттик зал бар.
Төмөнкү объектилерде мыйзам бузуулар аныкталды:
- Бакаев көч., 37 — 9 кабаттуу турак жай;
- Репин көч., 215 — 12 кабаттуу турак жай;
- М. Абдраев көч., 206 — 5 кабаттуу турак жай;
- Ак-Шыйрак көч., 46 — 10 кабаттуу турак жай;
- Жайыл Баатыр көч., 62 — ресторан;
- Гагарин көч., 104 — банкеттик зал;
- Ветеринарная көч., 14 — 8 кабаттуу турак жай;
- Жеңиш проспектиси, 404, 406 — 8 кабаттуу турак жай;
- М. Сагынбай көч., 272 жана 279 — 9 кабаттуу турак жай;
- Үмөталиев көч., 3 / Чүй пр., 155 — 9 кабаттуу мейманкана;
- Масалиев көч., 45 — 9 кабаттуу мейманкана;
- Бакаев көч., 178/1 — 4 кабаттуу клубдук типтеги турак жай;
- Курчатов көч., 170В — 6 кабаттуу кеңсе имараты;
- Жал кичи району, 90/2 — 9 кабаттуу турак жай;
- Магистральная көч., 7 — 9 кабаттуу турак жай;
- Курултай көч., 19 — 3 кабаттуу кеңсе имараты;
- Арча-Бешик көч., 27, 30, 39 — 12 кабаттуу турак жай;
- Репин көч., 213 — 3 кабаттуу кеңсе имараты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында «Элемент Стиль» ЖЧКсына карата 200 миң сом айып пул салынды. Компаниянын объектисиндеги иштер аныкталган кемчиликтер толук четтетилгенге чейин токтотулду.
Ошондой эле «Имарат Восток», «Тайлак Строй», «КомСтройСервис», «Алим Строй», «КН Гранд Строительство», «Мурас Курулуш Групп», «Старт Компани», «Масшер Билдинг», «Алип Строй», «Мерибелл Текстиль Иншаат», «Битрейд Импекс», «Бостон Строй», «Дрим Хаус», «Ынтымак Биримдиги», «Бак-Строй-Талас», «ТК Мегаприм» жана «Сантехмонтаж» компанияларына мыйзам бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмөлөр берилди. Кемчиликтер жоюлганга чейин алардын объектилеринде да курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.
Курулуш министрлиги КР СН 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» курулуш ченемдеринин талаптарын сактабастан курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жол берилбей турганын эскертти.