Баткенде бала бакчанын кызматкери 6 баланы унаасы менен сүзүп кетти

Баткенде бала бакчанын кызматкери 6 баланы унаасы менен сүзүп кетти

Баткен облусунда бала бакчанын кызматкери алты баланы унаасы менен сүзүп кетти.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 15-июль күнү саат 11:30дар чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан «Шумкар» бала бакчасынын 43 жаштагы кызматкери өзүнүн «Хундай Гетц» үлгүсүндөгү унаасын көлөкөгө коюуну каалаган. Кызматкер мекеменин короосуна кирип, ал жерде ойноп жүргөн 6 баланы сүзүп кеткен.

Окуянын кесепетинен эки жаштагы беш бала жана 5 жаштагы бир бала жабыркаган. Алар Кулунду айылындагы ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын биринин абалы оор.

Аталган факты Лейлек РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси «Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» менен иш козголду.

Бала бакчанын кызматкеринин айдоочулук күбөлүгү жок экени белгилүү болду. Анын унаасы айып короого токтотулуп,  экспертиза дайындалды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>