Эми «Түндүк» тиркемесинен бардык эмдөөлөр тууралуу маалыматтарды алууга болот

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Эмдөө тууралуу сертификат» кызматы жаңыланды. Эми колдонуучулар COVID-19га каршы эмдөөдөн тышкары, бардык профилактикалык жана башка эмдөөлөр жөнүндө маалыматтарды электрондук форматта ала алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Сертификат Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтык системаларындагы маалыматтардын негизинде түзүлөт. Документте вакцинанын аталышы, дозасы, эмдөө жүргүзүлгөн күнү, сериясы жана өндүрүүчүсү, ошондой эле жарандын жеке маалыматтары жана сүрөтү камтылат.
Сертификаттын өзгөчөлүктөрү:
- Документ кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү;
- Аныктыгы QR-код аркылуу текшерилет;
- 18 жашка чейинки балдардын сертификаты ата-энесинин «Түндүк» тиркемесинде көрсөтүлөт;
- Сертификатты мобилдик түзүлүшкө сактоого же басып чыгарууга болот.
Сертификат менен бирге колдонуучуларга профилактикалык эмдөөлөрдүн календары жеткиликтүү болот. Эгерде документте мурда алынган эмдөөлөр тууралуу маалымат жок болсо, жарандар маалыматты базага киргизүү үчүн эмдөө жүргүзүлгөн Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылуусу зарыл.