Эмил Жамгырчиев калкка кам көрө турган мыктыларды шайлоого үндөдү

Эмил Жамгырчиев калкка кам көрө турган мыктыларды шайлоого үндөдү

 

“Альянс” саясий партиясынан талапкер Эмил Жамгырчиев кичи мекени Жумгал районунун Дыйкан айылынын тургундары менен жолукту.  Талапкерди шайлоочулар жылуу тосуп алышты. Алгач Жамгырчиев эмне үчүн чоң саясатка “Альянс” менен аттанып жатканын түшүндүрүп берди. 

“Мен партиянын айрым мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин депутаты катары жакшы тааныйм. Мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө парламентке укук коргоо органдарынын ишин жакшыртууга багытталган мыйзамдарды сунуштап барып жүрдүк. Ошондо дал ушул партиянын өкүлдөрү биздин пикирди колдоп, пайдалуу сунуштарды берип жатышты. Алардын кесипкөйлүгүн, тайманбастыгын, эл үмүтүн актоо үчүн жасап жаткан аракеттерин көрүп кубандым”, – деди ал. 

Жамгырчиев жердештеринен өнөктүктүн таза жана адилет өтүүсүнө көмөктөшүүнү суранды. Быйыл элге тандоо укугу берилгенин айткан талапкер калкка кам көрө турган мыктыларды шайлоого үндөдү.

АЛЬЯНС — 3 — БИР КҮЧ!
Эмил Жамгырчиев — 15

 

 

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 13-ноябрь, 2021-жыл.

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>