Кыргызстандын кинотеатрларына 4 миллиондон ашык көрүүчү барды, театрлар 1 931 спектакль койдуБишкекте таэквон-до GTF боюнча Азия чемпионаты өтөтМинкаб көмүрдү унаа менен ташууга чектөөнү сактоону сунуштады«Жаратман МУУН»: Бишкекте келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөтУлуттук банк: Кыргызстан 2027-жылы юань менен облигация чыгарышы мүмкүнБишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт
Жыргалаңдагы шахта урап, бир киши каза тапты
14.11.2021 | 10:20
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында кароосуз калган шахта урап, ичинде 58 жаштагы К.В аттуу эркек адам калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 19:50дө тоо-кен куткаруу кызматынын №7 өзүнчө мобилдештирилген 13 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Куткаруучулар терс окуясыз туруктуу жайгашкан ордуна кайтып келишти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом