Эмне үчүн чекисттерге эле батир берилет? Жапаровдун жообу

Эмне үчүн чекисттерге эле батир берилет? Жапаровдун жообу

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып Садыр Жапаров мамлекет аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашырууда мындан ары да ырааттуу аракеттерди жүргүзөрүн айтты.

“Коомчулукта ар кандай сөздөр бар. “Эмне үчүн ушул чекисттерге эле бере берет? Квартира дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып койушуңуздар керек”, — деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле мамлекет мындан ары да мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак-жай менен камсыздоого дыкат көңүл бурарын белгилеп, жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин эске салды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: батир

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>