“Кумтөрдүн» жаңы жетекчиси Алмаз Барыктабасов жамаатка тааныштырылды

“Кумтөрдүн» жаңы жетекчиси Алмаз Барыктабасов жамаатка тааныштырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырды.

Ал белгилегендей, компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалды.

««Кумтөр» Кыргызстандын элине иштеши керек. Биз ишкананын менеджментинен эффективдүү жана сарамжалдуу башкарууну талап кылабыз. Жерде нандын бир күкүмү да жатпашы керек. Кумтөр элдин байлыгы жана ал элге гана пайда алып келиши керек. Ишке карата көзөмөл катуу болот. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбоосу тийиш. Карьер бир секундга да ишин токтотпошу керек. Иште эч кандай кемчиликтер болбошу керек. Министрлер Кабинетине дүйшөмбүгө чейин иш пландарыңызды тапшырыңыз. Ошол эле учурда 17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткаруу зарыл», — деди Акылбек Жапаров жана компаниянын жаңы жетекчилигине жана кызматкерлерине ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Буга чейин Барыктабасов Алмаз Батырканович «Кумтөр» компаниясынын жетекчиси болуп дайындалганы маалымдалган.

Ал эми компанияны башкарып келген Теңгиз Бөлтүрүк мыйзам бузууларга байланыштуу кызматынан бошотулган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>