Эң арзан нан Караколдо сатылууда

Эң арзан нан Караколдо сатылууда

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандагы нан жана нан азыктарынын орточо баасы боюнча маалыматтарды жарыялады.

Маалыматка караганда, эң арзан нан Каракол шаарында килограммына 56 сомдон сатылат. Ошол эле учурда, Таласта нандын килограммы дээрлик 67 сомдон сатылууда.

Ал эми нан азыктары эң кымбат Баткенде, арзаныраагы Нарында сатылат.

“Нанга болгон баанын туруктуу болушунун негизги себептеринин бири 2021-жылы Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында 1-сорттогу буудай унунун баасын кармап туруу боюнча келишим түзүлгөн. Быйыл 2022-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча биринчи сорттогу буудай унунун баасы орто эсеп менен 1 килограммы 43 сомду түзүп, июль айына салыштырмалуу 2 сомго арзандады”, деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>