Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Энергетика министринин эки жаңы орун басары дайындалды
20.06.2022 | 12:20
Эркин Тавашаров жана Байзак Азизбеков энергетика министринин орун басарлары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка караганда, аларды дайындоо тууралуу буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, буга чейин Байзак Азизбеков Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын орун басары, ал эми Тавашаров “Электр станциялары” ААКтын башкы директору кызматын аркалап келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом