Кыргызстан 90% импорттук өсүмдүк майына көз каранды

Кыргызстан 90% импорттук өсүмдүк майына көз каранды

Кыргызстан 90% импорттук өсүмдүк майына көз каранды. Ушуга байланыштуу бул продукциянын баасы башка өлкөлөрдүн өндүрүш ишканаларындагы дүң баасына жараша болот. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мекеме орусиялык заводдордо дүң баасы литрине 142 сомдон сатылып жатканын маалымдайт. Бул суммага импорттоочунун пайдасын эсепке алуу менен транспорттук (20%га жакын) жана кошумча чыгымдарды кошуу керек, ошентип, Кыргызстанда дүң баасы литрине 154,8 сомду, чекене сатуунун өздүк наркы 160 сомду түзөт.

Учурда өсүмдүк майынын баасы турукташып, өндүрүүчүсүнө жараша литри 130 сомдон 185 сомго чейин болууда.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эсептөөлөрү боюнча Кыргызстан коңшу мамлекеттер жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен күн карама майына эң төмөнкү баалардын бирине ээ.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>