Сооданын өсүшү жана КММ жеткирүү: Жапаров менен Путин Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүАтом жана санарип: Путин менен Пашинян ШКУ саммитинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүЧолпон-Атадагы этнофестивалда дүйнөлүк жылдыздардын кимиси өнөр көрсөтөрү белгилүү болду — кенен маалымат«Мындай окуя 50 жылда бир болот»: Роза Зергерли Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тууралуу«Аккую» АЭСи жана туризм: Бишкекте Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өттүДаярдыктан «памперстерге» чейин: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине ат шоусу кандайча даярдалган?
Энергетика министрлиги электр энергиясын керектөө азайганын билдирди
23.07.2026 | 12:56

Өткөн сутканын жыйынтыгы боюнча электр энергиясын керектөө 44,6 миллион киловатт-саатты түздү, бул мурунку күндөргө салыштырмалуу керектөөнүн деңгээли төмөндөгөнүн билдирет, – деп кабарлайт Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.
22-июлда бул көрсөткүч 48,4 миллион киловатт-саатты түзгөнү такталды.
«2026-жылдын 23-июлуна карата Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча күч келүү (перегрузка) жана технологиялык бузулуулар катталган жок», — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик алдыдагы күз-кыш мезгилине (ККМ) даярдык көрүүнүн алкагында электр тармактар комплексинин объекттеринде пландык оңдоо иштери уланып жатканын белгиледи.
«Керектөөчүлөр пландык оңдоо иштеринин графиги менен «УЭТ» ААКтын (НЭСК) расмий сайтынан — www.nesk.kg, ошондой эле «Менин жарыгым» (Мой свет) мобилдик тиркемесинен тааныша алышат», — деп кошумчалады мекеме.
Энергетиктер керектөөчүлөрдү электр энергиясын, өзгөчө күч келген (пик) сааттарда сарамжалдуу пайдаланууга чакырды, анткени бул энергетика тутумунун ишенимдүү жана туруктуу иштешине өбөлгө түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом