БАЭде Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсарат» повести талкууланды

23.07.2026 | 13:17
БАЭде Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсарат» повести талкууланды — Новости Кыргызстана

Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа эмиратындагы House of Wisdom маданий-агартуу борборунда Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган китеп клубунун жыйыны өттү. Иш-чараны Кыргызстандын БАЭдеги Элчилиги Дубай шаарындагы Башкы консулдук менен биргеликте уюштурду.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун катышуучулары «Гүлсарат» повестинин философиялык тереңдигин, ошондой эле жазуучунун чыгармаларында кеңири чагылдырылган берилгендик, абийир жана адам менен жаратылыштын байланышы сыяктуу темаларды талкуулашты.

Талкууга окурмандар, адабият өкүлдөрү жана китеп клубунун туруктуу мүчөлөрү катышты. Алар ошондой эле Айтматовдун чыгармаларында чагылдырылган кыргыз элинин тарыхына, каада-салттарына жана көчмөн маданиятына кызыгуу билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында борбордун жетекчилиги менен кыргыз тарап кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишти. Анын алкагында Кыргыз маданиятынын күндөрүн өткөрүү, адабий көргөзмөлөрдү уюштуруу, «Кыргыз бурчун» түзүү жана кыргыз тасмаларын көрсөтүү пландалууда.

Scroll to Top