Энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды

Энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу салынды, деп билдирет Экономика жана коммерция министрлиги.

2023-жылдын 3-июлунда президент “Жарнама жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул мыйзам менен энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу киргизилүүдө.

«Энергетикалык суусундуктар стимуляторлорду камтыган суу, кант, кофеин, минералдар, витаминдер жана гуарана, таурин, женьшень сыяктуу окшош курамдан турган суусундуктун түрү. Ден соолукка коркунучу, негизинен, курамында кант жана кофеиндин көптүгүнө байланыштуу. Энергетикалык суусундуктардын айрым түрлөрүнүн бир порциясында 100 мг кофеин камтылган, бул кадимки порциядан (12 мг) 8 эсе көп. Мындай суусундукту ичүүдө кандын кантынын жана артериалдык басымдын жогорулашына алып келет, өзгөчө жашы жете элек өспүрүмдөргө кооптуу.

Мисалы мындай суусундуктун бир банкасында 27 кашык кант камтылган. Бул суусундуктарды ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Жүрөктүн согуу ыргагына терс таасир берет. Убакыттын өтүшү менен жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>