26 англис тилчи мугалим квалификациясын жогорулатты

26 англис тилчи мугалим квалификациясын жогорулатты

Англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсунун биринчи агымына катышкан 26 мугалимге сертификат тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окутуунун биринчи агымы 3-июлдан 11-июлга чейин Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунундагы Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейдин базасында өткөрүлдү.

Сертификатка ээ болгон мугалимдер окутууда үйрөнгөн жаңы ыкмаларды мектептерде колдонуп, жыл сайын өтө турчу конкурска катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Сынактын жеңүүчүлөрү Улуу Британияга жолдомо, ноутбук жана башка баалуу сыйлыктарды утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Сынактын эрежеси боюнча жеңүүчү катары мектептин директоруна, мугалимге, окуучуларга жана мектептин өзүнө дагы сыйлыктар каралат.

Англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсу Билим берүү жана илим министрлиги менен “Англия Экзаминейшнс” билим берүү мекемеси менен биргеликте ишке ашырылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>