Эрдоган: Көчмөндөр маданиятын сактоодон пайда көрүп жатабыз

Эрдоган: Көчмөндөр маданиятын сактоодон пайда көрүп жатабыз

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында сөз сүйлөп жатып аталган оюндар алгач аталарыбыздын жеринде өткөн деп Кыргызстанды атады.

Эрдоган ошондой эле, Түркия катары биз Изник сыяктуу тарыхы жана цивилизациясы терең шаарда ушундай маанилүү программаны өткөрүүдөн кубанычтабыз»,-деди.

“Өлкөбүздүн көк бермети болгон Изниктен саламымды спортко, искусствого жана маданиятка, жалпы келечегибизге арнаган бир туугандарыма жолдойм. Көчмөндөр оюндарынын биринчиси 2014-жылы Кыргызстанда өткөн. Кийинки эки оюнду Кыргызстан 2016 жана 2018-жылдары өткөргөн. 2 жылда бир өткөрүлүүчү оюндардын төртүнчүсү Изниктебиз. Ал 2020-жылы өткөрүлмөк. Биздин өлкөгө да таасирин тийгизген Ковид-19 эпидемиясынан улам аны кийинкиге жылдырууга туура келди. Адамзат коомдору миңдеген жылдар бою өз ордун таштап, жаңы жашоо издеп келишкен. Жашоосун тынымсыз өзгөртүү же мезгилдерге жараша өзгөртүү менен сактап калган жамааттар да бар. Алар бул сапарларда бири-бирине таасир эткен. Миграция бүгүнкү күндө дагы маданияттын жана адамдык мамилелердин алып жүрүүчүсү”- деди.

Муну менен катар масштабдуу спорттук бул иш чаранын максатына да токтолду.

“Биз адамзаттын миңдеген жылдарды белгилеген маданиятынын жок болуп кетишине макул боло албайбыз. Көчмөндөрдүн маданиятын сактап калуудан пайда көрүп жатабыз. Эгемендүүлүгүбүздүн кепилдиги катары Тавр тоолорундагы түтүн булаткан көчмөн чатырга кайрылабыз. Жаштарыбызга жана конокторубузга көптөгөн тажрыйбаларды тартуулай турган оюндардын уюштуруучуларын куттуктайм. Катышуучуларга ийгилик каалайм. Досторубузга да ыраазычылык билдирем. Тынчтыкка жана кызматташтыкка негизделген бул оюндар регионубузду кризис каптап жаткан азыркы мезгилде эркин кызматташуу платформасы деп эсептейм. Оюндарга катышуучу өлкөлөр менен түзгөн мамилелерибиз маданий дипломатияга жаңы эшик ачат деп ойлойм. 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчунун катышуусу бизге үмүт берет”- деп баса белгиледи.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы Кыргызстан убактысы боюнча кечки саат 22:00 башталды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир өткөрүлөт. Кабыл алуучу өлкө Түрк мамлекеттеринин Уюмунун (ОТГ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими менен аныкталат. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана анын жубайы Айгүл Жапарова дагы катышууда. Бүгүн көк пар, ат үстүндө жаа атуу жана жаа атуу мелдештери өттү. Аны менен катар оюндар өтүүчү аймакта түрк дүйнөсүнүн кол өнөрчлүгү, тамак- аштардын жарманкеси, элдик сейилдөөлөр жана чакан концерттик программалар менен коштолду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>