Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөтСадыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачтыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салындыНургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт
Бишкектин «Биримдик Кут» конушуна дагы бир мектеп автобусу берилди
02.10.2026 | 13:50

Бишкек шаарынын мэриясы «Биримдик Кут» конушундагы окуучуларды ташуу үчүн кошумча бир мектеп автобусун бөлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдан бери бул багытта эки автобус иштеп келген болсо, учурда окуучуларды үч транспорт каражаты тейлөөдө.
Ошондой эле мекеме жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында аталган конушка кошумча светофорлорду орнотуу пландалып жатканын билдирди.
Мындан тышкары келечекте аймакка автобус каттамын ишке киргизүү каралган. Учурда «Биримдик Кут» конушунда №177 кичи автобус каттамы иштеп жатат. Күн сайын бул каттамга 14 унаа чыгат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом