Бодо малды Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Баткенде жаран кармалды

24.09.2026 | 10:26
Бодо малды Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Баткенде жаран кармалды — Новости Кыргызстана

Баткен районунун Кара-Бак айылынын Курук-Сай тилкесинде мамлекеттик чек ара аркылуу бодо малды Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган деп шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Милициянын маалыматы боюнча, Кара-Бак айылынын тургуну Ю.М. базардан сатып алынган 3 баш уй жана 3 баш торпокту «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү автоунаасына жүктөп, бажы көзөмөлүнөн тышкары Тажикстандын Исфара районуна өткөрүүгө аракет кылган. Шектүү чек ара тилкесине бараткан жеринен Баткен РИИБдин кызматкерлери тарабынан токтотулган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Экономикалык контрабанда» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Теги: Баткен
Scroll to Top