ӨКМдин мурдагы башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуш үчүн кармалды

18.09.2026 | 19:31
Экс-главу МЧС задержали за незаконную стройку у реки Ала-Арча — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы өзгөчө кырдаалдар мурдагы министри Бообек Ажикеевдин кармалганын кабарлады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, тергөө учурунда ӨКМдин кызмат адамдары тарабынан «Байтик» метеостанциясынын аймагында кызматтык-тиричилик багытындагы имаратты курууда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Объект долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтери жок эле, курулуш жүргүзүүгө катуу тыюу салынган суу коргоо аймагында — Ала-Арча дарыясынан болгону 5 метр алыстыкта курулганы такталган.

ӨКМдин жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ажикеев КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө (жооптуу кызматты ээлеген кызмат адамы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына (ИВС) киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, объекттин курулушу Ажикеев министрликти жетектеп турган мезгилде жүргүзүлгөн.

Теги: мчс
Scroll to Top