Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда муздак суу өчүрүлөт. Тизме
22.03.2022 | 09:00
Бүгүн, 22-мартта саат 9.00дөн 15.00гө чейин Бишкектин 7-апрель, Анкара, Октябрь, Менделеев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда жана темир жол тилкесинде муздак суу болбойт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өчүрүүгө таза суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатканы себеп болууда.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана калкты ичүүчү суу камдап алууну суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом