Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу токтойт
27.10.2021 | 11:17
Эртең, 28-октябрда саат 9.00дөн 17.00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Бул шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу», – деп түшүндүрүштү муниципалитет.
Турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелер жана башка социалдык объектилерди суу менен камсыз кылуу токтотулат. Суу жок аймактар 7-Апрель, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелет.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Ошондой эле калкты жана мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну камдап алуусун эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом