Есенкул Аксамаев: Сталинграддан бейпил жашоого чейинки чыныгы баатырдын жолу
Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына 81 жыл толду. Жоготуулардын жана билдирүүлөрдүн кургак сандарынын артында тарыхты түзгөн тагдырлар турат. Reporter.kg редакциясы жеңүүчүлөр мууну тууралуу материалдардын циклин улантат. Бүгүн — өмүр баянында кылымдын трагедиясы жана күчү чагылдырылган Есенкул Аксамаев тууралуу баян.
«Өзгөчө режимдеги» балалык
Есенкул Аксамаев 1922-жылы Исык-Ата районунун Бирикен айылында туулган. 1931-жылы ал 9 жашында үй-бүлөсү менен «кулак» катары туулган жерлеринен айдалган. Ардагердин кызы Чолпон Муратованын айтымында, алар орто дыйкан болушкан: ал кезде эң кедей кыргыздын деле 10–15 кою болгон.
Аксамаевдердин үй-бүлөсүн товар ташуучу поездге салып, Херсон облусуна жөнөтүшөт, келгенден кийин баракка жайгаштырышат. Бир жылдан кийин жат жерде, кичинекей Есенкулдун ата-энеси башынан өткөргөн оор сыноолордон улам көз жумган.
Томолой жетим калган балдарды балдар үйүнө беришет. Чоң жана ынтымактуу үй-бүлөдөн үч бир тууган гана калган.
«Атам эки жашар иниси үчүн абдан тынчсызданганын, ал тынбай ыйлаганда өзү да бала болгонуна карабай, кичинекей баланын колун чыгарбай, артынан дайыма ээрчитип жүргөнүн айтып берчү», — деп эскерет Чолпон.

Балдар үйүндө Есенкул мандолина жана скрипка ойногонду үйрөнүп, балдар оркестринде ойногон. Бир жолу музыканттарга: «Ким Советтер Союзунун гимнинин ноталарын жаттаса, Артекке барат», — деп айтышат.
«Ишенбейсиздер, бирок ошол күндөн баштап атам ар күнү түн ичинде шамдын жарыгында шкафтын ичинде отуруп алып, гимнди үйрөнгөн. Бир жолу аны тарбиячы кармап алат. Урушат, бирок ноталарды жаттап, жеңишке болгон эркин көрсөткөнү үчүн Артекке жолдомо ага берилет. Бирок советтик балдардын кыялын көрүү ага буюрган эмес — интернаттын балдары мончодо жуунуп жатканда, поезд кетип калган. Атам ошондо ыйлагыча капа болгонун айтчу», — дейт Чолпон. Жана кошумчалагандай: эмне болсо да, атасы карыганга чейин Сталиндин томдорун сактап, жолбашчы ар бир тарбиялануучунун тагдырын жеке өзү көзөмөлдөйт деп ишенген.
1939-жылы Есенкул Аксамаев Фрунзеге жиберилип, ал жерден №5 мектепти алтын медаль менен аяктаган. Бир жыл Нарында мугалим болуп иштеп, 1942-жылдын май айында армияга чакырылган.

Сталинград. Курск догосу. Прибалтика
«Атам үчүн Сталинград салгылашуусу эң коркунучтуу эскерүү болчу. Ал жөө аскер болгондуктан, алар салгылашууга биринчи киришчү. Чабуулду күтүп, кызыл аскерлер катуу суукта суткалап окоптордо жатышкан. Ошол коркунучтуу кыргында алардын ротасынан алты гана адам тирүү калган», — деп сөзүн улантат Чолпон.
Согуш учурунда Есенкул Аксамаев үч жолу жарадар болгон — белинен жана бутунан. Бир жолу буту шишип, каза болгондор менен жарадарлардын тизмесин толтуруп жатканда блиндажга генерал кирип келет. Баары туруп салам беришет, бирок Есенкул отурган бойдон калат.

Генерал жоокердин турушун талап кылып, бирок шишиген бутту көргөндө, дароо аны машина менен госпиталга жөнөтөт. Ал жерден дарыгер бутту текшерип, инфекциядан коркуп, наркозсуз — 100 грамм таза спирт берип, бутту кесүү (ампутация) чечимин кабыл алат. Жаш жоокердин денеси чыңалып турганын көрүп, дагы 100 грамм спирт куюп берүүнү буйруйт.
«Атам 200 грамм ичип, кайраттанып, бутун кестирбей турганын жана катуу каршылык көрсөтөрүн билдирген. Хирург анын кайдан экенин сураганда, атам Киргизиядан экенин айткан. Дарыгер: “Спиртти эки эсе ичип алып, бирок бутун кестирбей жаткан мындай куу кыргызды биринчи жолу көрүшүм”, — деп айткан экен. Эң кызыгы — буту айыгып кеткен. Өмүр бою ошол жаракаты оорутуп жүрдү, бирок ал эч качан даттанган жок», — деп эскерет Чолпон.

Аксамаев Курск догосунда салгылашып, Белоруссияны жана Прибалтиканы бошоткон. «Ал жолдоштору менен эки жолу “тил” (душмандын жоокерин тирүүлөй колго түшүрүү) кармап келген. Дагы бир жолу жоокерлердин бири жарадар болгондо, атам аны өзү көтөрүп келген», — дейт кызы.
Көрсөткөн эрдиктери үчүн Аксамаев үч орден — Кызыл Жылдыз, I жана II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери, эки «Аскердик кызматы үчүн» медалы, ошондой эле «Сталинградды коргоо үчүн» жана «Фашисттик аскерлерди талкалагандыгы үчүн» медалдары менен сыйланган.
Фронттон — жашоого
Есенкул Аксамаев 1945-жылдын декабрында демобилизацияланган. Фронттон кайтып келгенден кийин тарых багытында жогорку билим алып, кызматка кирип, комсомолдук линия боюнча өсө баштаган. Көп өтпөй Фрунзе облустук комсомол комитетинин катчысы, андан кийин Фрунзе облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалат.
Кийинчерээк Биринчи Май райондук партия комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болгон. 24 жылдан ашык убакыт бою Кыргыз ССРинин тармактык кесиптик бирлигинин жетекчиси — Курулуш жана өнөр жай курулуш материалдары жумушчуларынын кесиптик бирлигинин республикалык комитетинин төрагасы, андан кийин Туризм жана экскурсиялар боюнча республикалык кеңештин төрагасы болгон.

Есенкул Аксамаев бир нече жолу шаардык жана райондук эмгекчилер депутаттар кеңештерине депутат болуп шайланган. Анын эмгеги Кыргыз ССР Жогорку Советинин үч Ардак грамотасы менен белгиленген. Жубайы Өзүйна менен үч кыз жана бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн.
«Биздин атабыз үй-бүлөсүн абдан жакшы көргөн, эң ак көңүл адам эле. Атам каалаган маселени чече алат деп ишенчүмүн. Жумуштан кийин ар бирибизге убакыт бөлчү — мага, мисалы, дубал гезиттерди тартууга жардам берчү. Үй тапшырмалары, атүгүл химия, геометрия жана физика боюнча да ага кайрылчубуз. Ал биз менен чогуу маселелерди чечкенди жакшы көрчү», — дейт Чолпон. Ал апасы атасынын көзү тирүүсүндө коммуналдык кызматтардын дүмүрчөктөрүн кантип толтурууну да билбегенин — баарын атасы өзү чечкенин кошумчалады.
Ал жеңилбеген салгылашуу
Кызынын айтымында, согушту башынан өткөрүп, анын бардык коркунучтарын көргөн атасы, тынчтык мезгилде кинолордогу таасирдүү учурларда бала сыяктуу ыйлачу.
«Эжем экөөбүз жыл сайын “Өлбөс полк” жүрүшүнө катышабыз. Ал катарда баратып биз аталарыбыздын, апаларыбыздын, чоң аталарыбыздын бүткүл күчүн жана кубатын сезебиз. Бул абдан күчтүү сезим! Биз билебиз, дүйнөдөн кайткан жакындарыбыз дайыма биз менен, дал ушул күнү биз аларга тийип жаткандай болобуз.
Азыр Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын бурмалоо аракеттери токтобой жаткан кезде, жеңүүчү жоокерлердин урпактары чындык үчүн күрөшүүдө. Биздин атабыз Есенкул Аксамаев сыяктуу, ал ата-энесинин ак атын коргоо үчүн күрөшүн токтоткон эмес. Ал Москвага кат жазып, алар эч качан кулак же бай-манап болбогонун далилдеп келген», — дейт Чолпон.
Анын айтымында, 1995-жылы, атасы каза болгондон бир жыл өткөндөн кийин, аларды апасы менен бирге Ак үйдүн катчылыгына чакырып, чоң ата, чоң апасынын реабилитацияланганы (акталганы) тууралуу токтомду тапшырышкан.
Тагдыры татаал, өмүр баянындагы оор окуялар жана анын үй-бүлөсүнө тийген репрессиянын азаптарына карабай, бул нерсе анын жүрөгүн катырган эмес. Ал өмүрүнүн аягына чейин духу күчтүү, ак көңүл жана чынчыл адам бойдон калды.
Эки жолу акталган — биринчи Жеңиш менен, кийин документтер менен. Жана өлүмүнөн кийин да «Өлбөс полктун» катарында калууда.
Материал үй-бүлөнүн эскерүүлөрүнүн жана редакциянын архивинин негизинде даярдалды.