КР Конституциясы: парламенттен президентке чейин — тарыхтын негизги бурулуштары
Кыргыз Республикасынын Конституция күнү жыл сайын 5-майда белгиленет жана мамлекеттик майрам болуп саналат. Эгемендүүлүк жылдарында өлкөнүн баш мыйзамы 12 жолу өзгөргөнүн белгилей кетүү керек.
КР Конституция күнү жөнүндө негизги фактылар:
Эгемендүү Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясы 1993-жылы 5-майда Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин XII сессиясында кабыл алынган.

Документ тарыхта «легендарлуу парламент» деген ат менен калган парламент тарабынан кабыл алынган.

Дал ушул депутаттардын курамы негизги тарыхый чечимдерди кабыл алган:
- мамлекеттик суверенитетти жарыялаган (1990-жыл);
- Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө Декларацияны кабыл алган (1991-жылдын 31-августу);
- алгачкы мамлекеттик символдорду бекиткен;
- эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Конституциясын кабыл алган (1993-жыл).
Бул парламент СССРдин тарашынан баштап, эгемендүү мамлекеттин бутуна турушуна чейинки бурулуш мезгилде иштеген, ошол себептүү «легендарлуу» деген атка конгон.
Курманбек Бакиевдин башкаруу жылдарында Конституция бир нече жолу өзгөргөн (2006- жана 2007-жылдары), иш жүзүндө парламенттик-президенттик моделден суперпрезиденттик моделге багыт алган.

2006-жылдын ноябрь-декабрь айларында оппозициянын басымы астында президенттин ыйгарым укуктарын чектөөчү жана парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүүнү караган Конституциянын эки редакциясы кабыл алынган.
2007-жылдагы Конституция («Ханституция»):
- 2007-жылдын 21-октябрында референдум өтүп, анда Бакиев сунуштаган Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынган. Ал президенттик бийликти кыйла күчөтүп, башкарууну иш жүзүндө мамлекет башчысынын колуна топтогон;
- Парламент партиялык тизме боюнча түзүлө баштаган, бул президентчил «Ак Жол» партиясынын үстөмдүгүнө алып келген (90 орундун 71и);
- Президент парламентти таркатуу укугуна ээ болгон;
- Президент премьер-министр менен макулдашуу аркылуу жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын дайындоо укугун алган.
2010-жылы бийлик алмашгандан кийин 2007-жылдагы Конституция жокко чыгарылып, өлкө парламенттик башкаруу формасына өткөн.
Алмазбек Атамбаевдин башкаруу мезгили (2011–2017) 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин кабыл алынган Конституцияны сактоо жана президенттик мөөнөтүнүн аягында (2016-жыл) аны олуттуу өзгөртүү менен эсте калды.

Алгачкы жылдары Атамбаев 2010-жылдагы Конституцияны «эң демократиялуу» деп атап, «чыныгы парламентаризмди» коргоо зарылдыгын белгилеп келген. 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө мораторий коюлганына карабастан (2010-жылы белгиленген), 2016-жылы Атамбаев жана анын КСДП партиясы референдум демилгелеген.
Ал өзгөртүүлөр бийликти узурпациялоого мүмкүн болбогон системаны түзүүгө багытталганын жана президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин премьер-министрлик кызматты ээлебей турганын бир нече ирет билдирген. Анын айтымында, 2010-жылдагы редакцияда авторитаризмге жол ачуучу «миналар» катылган жана республика иш жүзүндө президенттик-парламенттик бойдон калган.
Ошентип, 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда Конституциянын 40ка жакын беренесине киргизилген өзгөртүүлөр жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган:
- Өкмөт башчысынын (премьер-министр) ыйгарым укуктары кеңейтилген: ал министрлерди (президент менен макулдашпастан), ошондой эле өкмөт мүчөлөрүн жана губернаторлорду өз алдынча дайындоо жана кызматтан алуу укугун алган;
- Президент Коргоо кеңешине төрагалык кылбай калган жана министрлер кабинетин түзүүдөгү түз таасир этүүчү рычагдарынын бир бөлүгүн жоготкон;
- Никени бир гана эркек менен аялдын ортосундагы союз катары аныктаган өзгөртүү киргизилген, бул бир жыныстуу никелерге түздөн-түз тыюу салган;
- Президент Жогорку соттун Конституциялык палатасына талапкерлерди сунуштоо жана судьяларды кызматтан алуу укугуна ээ болгон (парламенттин үчтөн экисинин макулдугу менен).
2016-жылдын октябрында кызыктай окуя болгон: Жогорку Кеңештин жыйынында президенттик аппаратта Конституциянын түп нускасы жок экени белгилүү болгон.

Башында 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган документ Юстиция министрлигинде сакталышы керек болчу, бирок ал жерде көчүрмөсү гана болуп чыккан.
Ведомство түп нуска президенттин аппаратында экенин билдирген, бирок кийинчерээк ал жерде да оригинал жок экени аныкталган: ал жерде Убактылуу өкмөттүн декрети жана карындаш менен оңдолгон, ар кандай шрифтте терилген Конституциянын тексти гана болгон. Конституциянын «жоголушу» коомдо чоң талкууну жараткан. Кийинчерээк президенттик аппараттагы нуска «тарыхый документ» деп эсептеле тургандыгы, ал эми түп нуска «Эркин-Тоо» мамлекеттик гезитинде жарыяланган текст экени түшүндүрүлгөн.
Садыр Жапаровдун тушунда Конституцияны өзгөртүү 2021-жылы болуп, акыркы жылдардагы негизги саясий окуялардын бирине айланды. Жаңы редакция 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда бекитилген. Документ президенттин ролу күчөтүлгөн, кыйла борборлоштурулган башкаруу системасына өтүүнү бекиткен.

Негизги өзгөртүүлөр:
- Президент бийликтин борбордук фигурасы болуп калды. Ал Министрлер кабинетин түзүү, премьер-министрди (Министрлер кабинетинин төрагасын) жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жана кызматтан алуу укугун алды;
- Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 120дан 90го чейин кыскартылып, парламенттин аткаруу бийлигине болгон көзөмөлдөө функциялары төмөндөтүлгөн;
- Консультативдик орган — Элдик Курултай түзүлгөн, ал бийлик органдарына сунуштамаларды бере алат;
- Өкмөт президентке отчёт берүүчү Министрлер кабинети болуп кайра түзүлгөн;
- Судьяларды дайындоодо президенттин ролу күчөтүлгөн;
- Конституцияда коомдун моралдык, салттуу баалуулуктары жана руханий багыттары жөнүндө жоболор бекитилген.