Чүй облусунда Тан дооруна таандык будда храмынын калдыктары табылды
Кыргыз-япон археологиялык экспедициясы Чүй облусунда VII–VIII кылымдарга таандык, болжол менен будда динине тиешелүү храм комплексинин калдыктарын аныктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, казуу иштеринин жүрүшүндө окумуштуулар күйгөн кыштан тургузулган тепкичтерди, пандусту жана платформаны табышкан. Мындай архитектуралык элементтер Тан доорундагы храм курулуштарына мүнөздүү экендиги белгиленет.

«Бул табылга археолог Алексей Бернштамдын 1940-жылдардын аягында ушул аймакта будда храм комплекси болгон деген божомолун тастыктады. 2025–2026-жылдардагы казуу иштери Улуу Жибек жолунун ири борборлорунун бири болгон байыркы Суяб шаарында будда маданиятынын жайылышы тууралуу жаңы илимий маалыматтарды алууга мүмкүндүк берди. VI–XI кылымдарда бул шаар Батыш Түрк каганатынын борбору болгон», — деп айтылат маалыматта.

Экспедиция 2012-жылдан бери иш алып барат. Кыргыз тараптан изилдөөлөрдү Улуттук илимдер академиясынын профессору Бакыт Аманбаева, япон тараптан Тэйкё университетинин профессору Казуя Ямаучи жетектейт. Археологиялык изилдөөлөр 2026-жылдын май айынын башынан тартып орто кылымдагы Ак-Бешим (Суяб) шаарчасынын Шахристан-2 тилкесинде жүргүзүлүүдө.
Учурда жер тилкесин тарыхый-маданий багыттагы жер категориясына кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Келечекте бул жерде ачык асман алдындагы музей түзүү пландалууда.
Ак-Бешим (Суяб) шаарчасы 2014-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине «Жибек жолу: Чанъань – Теңир-Тоо коридорунун маршруттар тармагы» аттуу трансулуттук номинациянын алкагында киргизилген.