Этникалык кыргыздарга жаңы статус берилет. Мыйзамга кол коюлду

Этникалык кыргыздарга жаңы статус берилет. Мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 2023-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамда белгиленген үлгүдөгү документ (кайрылмандын күбөлүгү) менен ырастала турган адамдын укуктук статусунан тышкары, ошондой эле социалдык статусун караган “кайрылман” жана “кайрылмандын статусу” түшүнүктөрү кайра каралган.

Социалдык статус берүү жана ырастоочу документтин болушу кийин кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан кепилденген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык-санитардык жардамды, ошондой эле калктуу конуштардын жерлеринин категориясынан турак үй куруу жана тейлөө, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участокторун пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>