Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болду
Лицензиясы жок иштеп жаткан 212 жеке клиника аныкталды
24.01.2024 | 21:45
Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын комиссиясы лицензиясы жок иштеп жаткан 212 жеке менчик медициналык мекемени аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 142, Чүй облусунда – 37, Ош жана Ош облусунда – 33 медициналык мекеме аныкталган.
Алсак, лицензиялык талаптарды бузгандыгы жана санитардык-эпидемиологиялык режимди сактабаганы үчүн, ошондой эле лицензияланбаган ишмердүүлүк үчүн өлкөнүн “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык 251 субъектиге айып пул түрүндө жаза колдонулган.
“Жалпы суммасы 1 млн 449 миң сомду түзгөн, 256 жазуу түрүндө эскертүү берилди”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар