Казакстан ЕАЭБде санариптик интеграцияны жана жасалма интеллектти киргизүүнү тездетүүнү сунуштады

07.08.2026 | 14:23
Казакстан ЕАЭБде санариптик интеграцияны жана жасалма интеллектти киргизүүнү тездетүүнү сунуштады — Новости Кыргызстана

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөп жатып, тышкы чакырыктарга карабастан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалары туруктуулукту жана андан ары өсүү потенциалын сактап жатканын билдирди.

Анын айтымында, негизги артыкчылыктардын бири — товарлардын эркин жылышын камсыз кылуу бойдон калууда.

Бектенов 2025-жылы ЕАЭБ ичиндеги өз ара товар жүгүртүү 95 миллиард долларды түзүп, 3,5%га төмөндөгөнүн, бирок үстүбүздөгү жылы кайрадан өсүү — 100–102 миллиард долларга чейин күтүлүп жатканын белгиледи.

Казакстандын өкмөт башчысы ЕАЭБде товарларды электрондук соодалоо жөнүндө макулдашууга кол коюуну колдоду. Анын пикиринде, бул документ электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзөт, ишкердиктин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана компаниялардын өнөктөш мамлекеттердин рынокторуна чыгуусун жеңилдетет.

Бектенов санариптик интеграцияга өзгөчө көңүл бурду. Ал белгилегендей, ЕАЭБде жалпы маалыматтык процесстерди киргизүү жетиштүү деңгээлде тез жүрбөй жатат: пландаштырылган 79 процесстин 50сү гана толук кандуу иштеп жатат, ал эми бардык мамлекеттердин кошулуусу алардын 23ү боюнча гана камсыз кылынган.

Премьер-министр бул ишти тездетүүнү, ошондой эле ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумуна жасалма интеллект технологияларын киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, жасалма интеллект товар жүгүртүүнү анализдөө, экономикалык тенденцияларды болжолдоо жана транспорттук-логистикалык процесстерди оптималдаштыруу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Бектенов өзүнчө азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш азыктарын соодалоо маселелерине токтолду. Ал ЕЭКти (Евразия экономикалык комиссиясы) продукциялардын Бирликке мүчө мамлекеттердин рынокторуна кирүү шарттарына системалуу мониторинг жүргүзүүгө жана өз ара соодага тоскоол болгон барьерлерди ыкчам түрдө четтетүүгө чакырды.

Дагы бир маанилүү кадам катары премьер-министр ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн аянтчаларындагы биржалык соодаларга брокерлерди жана дилерлерди өз ара киргизүү жөнүндө макулдашууну атады. Анын айтымында, бул документ Бирликтин жалпы финансылык рыногун калыптандыруу үчүн негиз болот.

Бектенов ошондой эле Казакстандын санариптик стратегиясы тууралуу айтып берди. Ал 2026-жыл өлкөдө Санариптештирүү жана жасалма интеллект жылы деп жарыяланганын, ал эми 2029-жылга чейин Digital Kazakhstan улуттук программасы ишке ашырылып жатканын эске салды. Негизги долбоорлордун бири — Экибастуз шаарында дата-борборлордун санариптик өрөөнүн түзүү болмокчу. Алгачкы 125 мегаватт эсептөө кубаттуулуктарын ишке киргизүү келерки жылдын июнь айына пландаштырылган.

Сөзүнүн аягында премьер-министр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлерин жана технологиялык компанияларынын өкүлдөрүн долбоорду ишке ашырууга катышууга чакырды жана Казакстан санариптик экономика жана жасалма интеллект тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө ачык экенин баса белгиледи.

Анара Мамытова

Scroll to Top