Европа, Араб мамлекеттери. Кайсы өлкөнүн туристтери Кыргызстанга кышкы эс алууга келет?

Европа, Араб мамлекеттери. Кайсы өлкөнүн туристтери Кыргызстанга кышкы эс алууга келет?

Кыргызстанга кышында  Казакстан жана Россиядан келген туристтер басымдуулук кылат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Reporter.kg’ге билдирди.

Алардын маалыматында, кышында дагы туристттик жайлар жигердүү иш алып барат.

“Кыргызстанга лыжа тебүү үчүн кошуна өлкөлөрдөн келишет. Андан тышкары, Бириккен Араб Эмиратынын туристтери үчүн Кыргызстандагы кышкы туризм кызыгуу жаратат. Адатта Батыш Европа жана Түштүк-Чыгыш Азиянын жарандары жаңы жылдык эс алууларын биздин өлкөдө өткөрүүнү жактырат”, — дейт фонд.

Туристтер үчүн эң популярдуу локация — Ысык-Көлдүн жээги.

“Жылуу сууларга түшүп, петроглифтерди көрүп, теплоход менен көлдү көрүп чыкканды жактырышат. Айрым туристтер Бишкектин айланасында эле болушуп, Чуңкурчак, Чоң Кемин жана Орловка базасына барышат”, — дейт мекеме.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>