ЖАК: Кадыр Досонов каза болгону тууралуу маалымат жалган

ЖАК: Кадыр Досонов каза болгону тууралуу маалымат жалган

Кылмыш чөйрөсүндө «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов каза болду деген маалымат жалган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда «Женго» каза болгону тууралуу сөздөр жаңыра баштаган. Жазаларды аткаруу кызматы аталган сөздөрдү төгүндөп, Досонов тирүү экенин билдирди.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 13-январга караган түнү Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү киши колдуу болуп, бири арматура менен катуу сабалган. Аталган кылмыштын уюштуруучусу катары Кадыр Досонов кармалган. Ал ошондон бери Оштогу тергөө абагында камакта отурган.

Былтыр ноябрь айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кадыр Досонов Оштон Бишкектеги тергөө абагына которуларын билдирген. Учурда ал №1 тергөө абагында отурганы белгилүү.

УКТ мүчөсүнүн өлүмү: Сот кылмыш ишин кайра тергөө үчүн милицияга жөнөткөн

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>