Ошто тургун мал уурдап, ашкана иштеткен тууганына сатып жүргөн

Ошто тургун мал уурдап, ашкана иштеткен тууганына сатып жүргөн

Оштун Чоң-Алай районунда мал уурдап, ашканага өткөрүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 2-январда милицияга 53 жаштагы тургун кайрылган. Ал арызында былтыр июль айында Чоң-Алайдагы Ачык-Суу жайлоосунан 2 баш малы жоголуп кеткенин, ушул күнгө чейин таба албай жүргөнүн билдирген.

Бул факт каттоого алынып, чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Чоң-Алай районунун 22 жаштагы М.Б. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Маалым болгондой, шектүү былтыр 11-июлда жайлоодон эки баш мал уурдап, досунун «Портер» унаасы менен Ош шаарына алып келип, ашкана иштеткен тууганы М.М. уулуга 93 миң сомго сатып жиберген.

Эртеси күнү М.М. уулу малды касапканага алып барып, сойдуруп, малдын этин ашканасында иштетип жиберген. Союлган малдардын биркасы республикалык каттоо тутумуна М.М. уулунун атына катталып калган.

Ошондой эле шектүүнүн башка уурулук иштери аныкталган. Ал жайлоодон бука уурдап (биркасы жок), ашкана иштеткен тууганына 42 миң сомго сатып жиберген.

Учурда кармалган жигит дагы башка 7 баш малды уурдаган деп шектелүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>