Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Фарид Ниязов эки суткага камакка алынды
09.08.2019 | 12:09
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 48 саатка Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Ал барымтага алуу” беренеси боюнча кармалган. Анын баш коргоо чарасы эртең, 10-августта каралат.
Белгилей кетсек, 8-августта Кой-Ташта күч түзүмдөрүнүн Атамбаевди кармоо экинчи операциясы жүргөн. Анын жыйынтыгында Атамбаевди кармашып, УКМКга алып келишкен.
Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 40тан ашык адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон. Атамбаевдин тарапташтары атайын багыттагы жоокерлердин айрымдарын барымтага алышкан. Бирок алар атайын багыттагы жоокерлерди элдин тобунан коргоп калышканын айтышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар