Фетхуллах Гүлен көз жумду

Фетхуллах Гүлен көз жумду

«Хизмет» кыймылынын негиздөөчүсү Фетхуллах Гүлен көз жумду. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазды.

Фетхуллах Гүлен 83 жашта болгон.

2016-жылы июлда Түркияда төңкөрүш аракети болгон. Түркиянын бийлиги бул ишке АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап, анын кыймылын ФЕТӨ («Фетхуллахчы террор уюму» деп чечмеленет) террордук уюму деп жарыялаган.

Аталган окуядан кийин Түркия «Себат» (азыркы «Сапат») окуу жайлары Гүлендин тарапташтарына тиешелүү деп, Кыргызстандан аларды жабууну талап кылган. Бирок Кыргызстан андан баш тарткан. Ошол эле учурда «Себаттын» аты «Сапат» болуп өзгөртүлүп, анын негиздөөчүлөрүнүн катарына Билим берүү министрлиги кирген.

Ошондой эле Түркия Кыргызстандан бир нече адамдын, анын ичинде «Себатта» иштеген адамдарды өткөрүп берүүнү суранган. Алардын катарында бул окуу мекемелеринин президенти Орхан Инанды да бар болгон. Түркия бийлигинин позициясы боюнча Инанды «ФЕТӨ деп аталган уюмдун Борбор Азиядагы жооптуу адамы болгон». Ал 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып кетип, кийинчерээк Түркияда 21 жылга соттолгон.

Орхан Инанды ага коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин айтып келет.

Орхан Инанды аны кантип Кыргызстандан алып чыгып кеткенин айтып берди

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>