Филипп Киркоров Бишкекте эл менен кыргызча саламдашты

Филипп Киркоров Бишкекте эл менен кыргызча саламдашты

Белгилүү орусиялык ырчы Филипп Киркоров Бишкекте эл менен кыргызча учурашты. Бул тууралуу видеолор социалдык тармакка тарады.

Кутмандуу кеч! Урматтуу менин күйөрмандарым. Силер менен жолугуп жатканыма абдан кубанычтамын”- деп саламдашты.

Ырчы ушул тапта Бишкек шаарында Спорт ордосунда концерт берип жатат.

Ал Кыргызстанга бүгүн келген.  Аны уюштуруучулар адаттан тыш тосуп алышты. Видеону Instagram баракчасына бөлүшкөн.

Манас аэропортунан боорсок менен тосуп, укмуштуудай дүйүм тамак-аштар менен коноктошту.  Ырчыны байкерлер коштоп жүрдү. Киркоров Кыргызстандагы адаттан тыш тосуп алууга таң калганын жашырган жок.

Андан соң мейманканадан ырчыны жергиликтүү артисттердин ансамбли тосуп алып, Киркоровдун ырларынын бирин улуттук аспаптарда аткарып беришти. Ошол замат Филипп Киркоров алар менен кошо ырдай баштады.

Алардын баарын концертине чакырды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Филипп Киркоров (@fkirkorov)

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>