«Гелендваген» унаасын тартып алгандардын бири кармалды

«Гелендваген» унаасын тартып алгандардын бири кармалды

Бишкек шаарында Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүмү («Күч колдонуу менен автотранспорт каражатын уурдоо») боюнча кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу деп бүгүн, 3-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш 4-августта май куюучу жайдын жанында болгон. Ошол күнү Бишкектин тургунунан төрт жигит күч колдонуп Гелендвагенди тартып алышкан.

Андан соң полиция эки шектүүнү кармады. Экөө тең мурда соттолгон.

Бир күн мурун ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бул иш боюнча дагы бир айыпталуучуну кармашкан. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 1995-жылы туулган О.у.Н.  экени аныкталган.

Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин оперативдүү реестринде турат. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.

Башка шектүүлөрдү издөө иштери уланууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>