Өзбекстанда Apple Pay жана Google Pay төлөм кызматтарын кошуу башталдыКыргызстанда унаалардын жүргөн жолун азайтып көрсөткөндөргө айып пул салуу сунушталуудаАлгачкы жолу Кыргызстанда басылган 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыктыБишкектеги аялдамага автобустардын келүү убактысын көрсөткөн акылдуу табло орнотулду — сүрөтМинистрлик: Караколдо Ысык-Көлгө саркынды суулар куюлуп жатат делген маалымат тастыкталган жокАзия кубогу-2027: Кыргызстан Иран, Сирия жана Кытай менен бир тайпада ойнойт
Бишкекте маршруттук таксилердин саны үч эсеге кыскарды
03.11.2022 | 22:18
Бишкекте маршруттук таксилердин саны дээрлик 3 эсеге кыскарды. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорт инфраструктура өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу билдирди.
Анын айтымында, 2014-2015-жылдары калаада 5 миңге жакын кичи автобус тейлечү. Ошол маалда жол кире 8 сомдон 10 сомго чейин болсо, дизель отунунун баасы 41 сом эле. Маршрттук каттамдардын кыскарышынын бирден-бир себеби, Унаа тетиктери менен күйүүчү майдын баасы жыл санап кымбаттап жаткандыктан кичи бусиктердин саны да бир нече эсеге кыскарды.
Ошондой эле ал ушул тапта эртең менен 1,3 миң кичи автобус каттамга чыкса, саат 14:00гө карата алардын саны 1,7 миңге чукулдаарын кошумчалады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом