Жаан жаайт: 11-августка карата аба ырайынын божомолу«Росатом» жана ОКӨФ КРде алгачкы шамал электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюшту«Росатом» Бостеридеги Кыргыз-Орус форумуна катышты«Дордой» конушундагы мушташтан кийин алты шектүү кармалдыБишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, лицензиясы токтотулдуМинкаб Энергетика министрлигине күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоону тапшырды
Финансы министри Финполго суракка чакырылды
30.09.2019 | 10:02
Бүгүн, 30-сентябрга Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылган. Бирок министр иш сапарына кете турганын айтып, суракты башка күнгө жылдыруусун өтүнөрүн билдирген. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат булактарына өзү тастыктаган.
Жээнбаева Финполго суракка соттук өкүлчүлүк борборундагы төлөмдөр боюнча чакырылган.
«Аталган кызмат чакырып жаткан иш боюнча менин тиешем жок. Анткени 2012-2015-жылдары мен иштеген эмесмин. Төлөмдөр Финансы министрлиги аркылуу өткөн да. Ошондуктан чакырып жатышса керек. Мен барганда дел толук маалымат берип, эч нерсе айтып бере албайм», – деди Бактыгүл Жээнбаева.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом