Кыргызстан менен Беларусь жарандарын 30 күнгө каттоодон бошототКыргызстандын Каржы министрлиги АКШдагы ири финансылык ишкана StoneX Group менен кызматташатКыргызстанда студенттерге стипендия төлөп, авиакаттамдарын каржылоо сунушталуудаКыргызстандагы оң өзгөрүүлөр үчүн Садыр Жапаров Америка-Кыргыз бизнес кеңеши тарабынан сыйландыЖапаров Путинди Орусиянын Мамлекеттик Думасына өткөн ийгиликтүү шайлоо менен куттуктадыКыргызстанда бизнести өз объектилеринин аймагын жашылдандырууга милдеттендирүү сунушталууда
Финансы министри Финполго суракка чакырылды
30.09.2019 | 10:02
Бүгүн, 30-сентябрга Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылган. Бирок министр иш сапарына кете турганын айтып, суракты башка күнгө жылдыруусун өтүнөрүн билдирген. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат булактарына өзү тастыктаган.
Жээнбаева Финполго суракка соттук өкүлчүлүк борборундагы төлөмдөр боюнча чакырылган.
«Аталган кызмат чакырып жаткан иш боюнча менин тиешем жок. Анткени 2012-2015-жылдары мен иштеген эмесмин. Төлөмдөр Финансы министрлиги аркылуу өткөн да. Ошондуктан чакырып жатышса керек. Мен барганда дел толук маалымат берип, эч нерсе айтып бере албайм», – деди Бактыгүл Жээнбаева.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом