Финпол: Жапыкеев менен жолугушууга чагымчылдар дагы келишти

Финпол: Жапыкеев менен жолугушууга чагымчылдар дагы келишти

Кечээ, 5-ноябрда Финансы полициясында жарандарды кабыл алуу болду.

Финполдун басма сөз кызматы билдиргендей, учурда жетекчилик менен жолугушууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, аталган кызматтын административдик имаратынын жыйындар залында жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды.

Бул жолугушууга жүзгө жакын адам катышты. Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге адамдар көйгөйлөрү менен бөлүшүп, ар кандай маселелер боюнча жардам сурашкан.

Финансы полициясынын компетенциясына кирбеген суроолор да көтөрүлдү. (Жарандар насыяны кийинкиге калтыруу, адам өлтүрүү фактыларынын бетин ачуу, сот тутумундагы маселелерди чечүү, ошондой эле жумушка орношууга көмөктөшүүнү суранышты).

«Жолугушуу чагымчылдарсыз болгон жок. Белгисиз бир топ келип, алар улуу муундун алдында уят сөздөрдү айтуу менен ортодо кайым айтышуу орун алды. Бул адамдар келгендерди түртүп, чагымчыл ураандарды кыйкырып, башкаларды коркутушту», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>