Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Алыскы Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат
25.06.2026 | 10:44

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап үйлөр курулат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев аталган аймакка жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин Зардалы айылына электр энергиясы берилип, мобилдик байланыш жана интернет туташтырылган. Ошондой эле айылга алып баруучу унаа жолу курулган.
Орунбеков белгилегендей, мурда жол жоктугунан тургундар тийиштүү шарттары жок, таш жана ылайдан салынган үйлөрдө жашап келишкен. Мындан улам айылга заманбап үйлөрдү салуу тапшырмасы берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Баткен